Бишкекте балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө муниципалдык батирлер берилди (фото)
RU

Бишкекте балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө муниципалдык батирлер берилди (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын алтоо тең муниципалдык администрацияларда жашоо шартын жакшыртууга муктаж катары каттоодо турат.

Тапшыруу аземине Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жипариса Рысбекова катышып, көрсөткөн колдоосу үчүн шаардык мэрияга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле турак жай маселелери боюнча коомдук комиссиялардын курамына балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрүн киргизүү чечими кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4188