"Ордо" партиясынын штабында телефон тыңшоо фактылары аныкталды. Видео
RU

"Ордо" партиясынын штабында телефон тыңшоо фактылары аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ордо" саясий партиясынын мүчөлөрү Kaktus.media редакциясына штабынан угуучу аппарат таап алышканын билдиришти. Ал иштеп жатткан.

PR бөлүмүнүн башчысы Мирлан Мамытовдун айтымында, телефон тыңшоо фактысы 3-ноябрда аныкталган жана буга катардагы радио жардам берген.

"Бизге кийлигишүүлөр болду. Кеңсени текшерип, тыңшоочу аппаратты таптык", - деди ал.

Мамытов белгилегендей, алар жаңы кеңсесин шайлоо үчүн ижарага алышкан. Ал жерде түнкүсүн күзөтчүлөр жок.

"Микрофон, USB флэш-диск жана иштеген модемди таптык. Эки күн үн жаздыруу болгон. Баары абдан кылдаттык менен жасалган", - деди партия өкүлү.

Алардын милицияга кайрылуу ниети жок. Анткени укук коргоо органдары окуяга партияны күнөөлөшү мүмкүн. Бирок, БШК административдик ресурс колдонулгандыгы тууралуу кабарлайт деп ишенет.

"Мындай техникалар атайын кызматтарга таандык экенин баарыбыз билебиз. Башка партиялардагы кесиптештерге да штабын текшерип көрүүнү сурандык", - деди Мамытов.

Эске салсак, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 21 саясий пария, ошондой эле бир мандаттуу округдар боюнча 300дөн ашуун талапкер катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4190