Бишкекте төртүнчү кабаттан аял кулап кетти
RU

Бишкекте төртүнчү кабаттан аял кулап кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө, аял 4-кабаттагы балкондон чатырдын үстүнө кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жабырлануучу болжол менен 25-30 жашта. Шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары аялды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал колунан жаракат алган, абалы канааттандырарлык.

Окуянын себеби азырынча белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4191