Call-борбор: Novotel мейманканасы күйүп жатат. Видео
RU

Call-борбор: Novotel мейманканасы күйүп жатат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окурман маалыматты Call-борборго жөнөткөн.

Манас жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, жакында эле курулуп бүткөн Novotel мейманканасы күйүп жатат. Өрт жайыла баштады.

Кийинчерээк ӨКМ бул боюнча маалымат берип, өрттү өчүрүүгө саат 15:43тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 15:48де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 15:48де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты жана саат 15:52де Штаб, жалпы 2 бөлүм тартылганын билдирген.

Ал эми саат 16:12де өрт чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат, деп ведомоствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4196