Кыргызстанда Камчыбек Жолдошбаевдин атынан коюлган көчө бар экен
RU

Кыргызстанда Камчыбек Жолдошбаевдин атынан коюлган көчө бар экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Колдонуучулар көчөнүн аты жазылган тактаны сүрөткө тартып, соцтармактан бөлүшүшкөн. Тактанын эскилиги жеткенине караганда, көчөгө депутаттын атынын ыйгарылышына бир нече жыл өткөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында чындап эле ушундай аталыш менен катталган көчө бар экен. Ал Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан. Бул депутат Камчыбек Жолдошбевдин кичи мекени. Kaktus.media депутат менен байланышып, эмне себептен көчөгө анын аты ыйгарылып калганын сураса, депутат бул жөнүндө эч нерсе эсинде жок экенин маалымдады.

Белгилей кетсек, мындай көрүнүш көп эле болуп жүрөт. Айылдын же райондун инфраструктурасына кошкон салымы үчүн учурда депутат болуп турган адамдын ысмы көчөгө же бир мекемеге коюлат. Мисалы, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кырман айылында КСДП партиясынын депутаты Абтандил Кулбараковдун урматына да көчөнүн аты коюлган. Ушундай жол менен жергиликтүү тургундар жолду оңдоп берген депутатка ыраазычылыгын билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/420