Мурдакы журналист Кудрет Тайчабаров үч гезитти сотко берди
RU

Мурдакы журналист Кудрет Тайчабаров үч гезитти сотко берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров "Азия ньюс", "Назар ньюс" жана Gezitter.org сайтын сотко берди. Бул тууралуу маалыматты ал 24.kg агенттигине ырастаган.

Анын айтымында, журналисттер ага карата кылмыш иши козголорун айтып, туура эмес маалымат беришкен.

"Материалда мени түрмөгө олтургузат деп айтышкан. Мени эч ким суракка чакырган жок. Ага эч кандай негиз жок. "Бишкек" экономикалык аймагын УКМК кызматкерлери такай көзөмөлдөп турушат. Бул маалыматтан кийин мен реанимацияга түшүп, кан басымын көтөрүлүп кетти. Мен гезиттерден 50 миллион сом талап кылдым", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4211