Ата-энесине окшогон уяты жоктор! Окуучулар мугалимдин урушканын жаздырып алышкан (аудио)
RU

Ата-энесине окшогон уяты жоктор! Окуучулар мугалимдин урушканын жаздырып алышкан (аудио)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media

редакциясына №67 мектептин окуучусунун апасы мугалимге карата арызы менен кайрылган.

Анын айтымында, мусулмандардын милдеттерин билбегендиктен мугалим окуучуларды урушкан.

"Биринчиден ата-энесине сөз тийгизип: "Ата-энеңдей уятсызсың!" деп кыйкырып, мусулмандын беш парзын жана канча убак намаз окуу керектигин айтып берүүнү талап кылат.

Мектеп окуучусунун апасы мугалимге чара көрүү талабы менен директорго кайрылган.

Мэриянын басма сөз кызматы кырдаалды иликтеп чыгууну убадалады. Мектеп директору Светлана Керимкулова бүгүн мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана ата-энелердин чогулушу болорун айтты.

"Мен азырынча эч нерсеге комментарий бере албайм. Биз окуянын чоо-жайын аныкташыбыз керек, андан кийин гана кырдаалды түшүндүрө алабыз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4214