"Саясий буйрук болчу". Аида Салянова бир тууганын өлтүргөндөрдүн жазасын күчөтүүнү суранды
RU

"Саясий буйрук болчу". Аида Салянова бир тууганын өлтүргөндөрдүн жазасын күчөтүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаардык сотунда экс-башкы прокурор Аида Салянованын инисин Улан Саляновду өлтүрүү иши каралууда.

Сот отурумунда сүйлөп жатып Аида Салянова бир тууганынын өлүмүн саясий буюртма деп атады.

"Ал кезде Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы болчу, жана инимдин өлүмү боюнча тергөө иштерине түздөн-түз кийлигишкен. Эгер анын тиешеси жок болсо, ушунча убакыттан бери келип, суроолорубузга жооп бермек. Иниме бир эле жолу атышса ал аман калмак", - деп Салянова билдирди.

Биринчи инстанциядагы соттун чыгарган чечими сот соттолуучулар тарапта экени көрүнүп турат, деп экс-генпрокурор белгиледи.

"Соттун бүтүмүндө Эрмек Осмонкулов жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алды деп көрсөтүлгөн. Бирок андай болгон эмес. Экинчи соттолуучу Асанэмир Абыкулов - ал да үн каткан эмес. Анын үстүнө негизги күбө көрсөтмөсүндө жогору жактагы адамдар тууралуу айткан, бирок сот анын айткандарына көңүл бурган эмес. Мен күнөлүүлөр үчүн жазасын күчөтүүнү соттон суранам", - деп Аида Салянова сот залында айтты.

Сот экөөнү тең "Тоноо максатында өлтүрүү" беренесинин негизинде айыптуу деп тапкандыгын Салянова кошумчалады. Бирок тоноо фактысы болуш үчүн башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу керек.

"Алар эч нерсесин уурдашкан эмес, жада калса телефонун. Кайдагы тоноо? Бул адамдар тапанчасын алып кылмышка барышкан. Тергөө окуяны кокусунан болуп калгандай көрсөтүп жатат. Бирок кокустуктар ашыкча көп эмеспи?", - деп Салянова нааразы болду.

Андан тышкары инисинин балдары башынан эле сот отурумдарына катышып келет, алар бардыгын көрүп, түшүнүп турушат. Кантип аларга бул иш саясий буйрук эмес экенин түшүндүрөм?

"Абыкулов менен Осмонкуловго жазасын күчөтүүнү суранам", - деп Салянова сөзүн жыйынтыктады.

Соттолуучулардын адвокаты Кубаныбек Ташбалтаев, киши өлтүрүү орун алды, бул талакыс факт - деп жооп берди.

"Мен сөз сүйлөгөндөрдүн бардыгын уктум. Мени прокуратуранын позициясы таң калтырып жатат. Айыбы бар, райондо прокуратура жазага тартууну суранган, бул далилденди. Эми алар өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышууда. Бирок, жабыркагандар саясий буйрук болгон деп жатышпайбы. Эмне үчүн бул туурасында эч нерсе айтылган жок жана аны эч ким иликтеген жок?" - деп адвокат Ташбалтаев суроо салды.

Эске салсак, Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда "Көк-Жар" жаңы конушунда өлтүрүлгөн. Кылмышккерлер ок атып, изин жашырып кетишкен болчу. Улан Салянов аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин үзүлгөн. Анын өлүмүнө бир нече адам айыпталууда. Бирөөсүн Кыргызстандан кармашкан, экинчисин Москвадан. Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпталуучулар Асанэмир Абыкулов жана Эрмек Осмонкуловду 15 жана 18 жылга эркинен ажыраткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4217