Кыргызстанда бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 96 жаңы учуру аныкталды
RU

Кыргызстанда бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 96 жаңы учуру аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык штаб 6-ноябрга карата коронавирус жана пневмония боюнча бир күндүк статистиканы жарыялады.

Айыккандар

Бир сутка ичинде пневмонияны эске алуу менен 83 бейтап COVID-19дан айыгып чыкты. Бардыгы - 176 108.

Жаңы учурлар

Акыркы суткада коронавирустун жана пневмониянын жаңы учурлары:

  • Бишкек - ​​41;
  • Ош - 0;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 4.

Жалпысынан бир күндө 96 жаңы учур катталды. Бардыгы 181 764 адам.

Стационардык дарыланууда 616, амбулатордук дарылоодо 835 бейтап жатат.

Көз жумгандар

Бир сутка ичинде эки адам каза тапкан. Алар эмдөөдөн өткөн эмес.

6-ноябрга карата, бардык мезгилдеги пневмонияны эске алуу менен COVID-19дан 2,683 өлүм катталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4219