Дагы бир жеңиш! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиону болду!
RU

Дагы бир жеңиш! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиону болду!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду.

70 килограмм салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны финалдык беттеште армениялык Вазген Теванянды утуп алды.

Биринчи бөлүктү Эрназар 3:2 эсепте алдыда жыйынтыктады. Экинчи бөлүктө тынымсыз аракети менен атаандаштын шайын кетирип, үч ирет килем чийининин сыртына чыгарды. Соңунда артына өтүп эки упай алып, тоголотуп (накат ыкма) ыкма жасады. Жалпы эсеп 10:2 менен аяктады.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпиондугу ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Бул аталган мелдеште Кыргызстандын командасы үчүн үчүнчү байге. Буга чейин 57 килограмм салмакта ат салышкан Бекболот Мырзаназар уулу күмүш байге утса, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта чемпион болуп, алтын медалга татыган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4225