Ош облустук ооруканада энелер балдары менен жерде жатышат. Фото
RU

Ош облустук ооруканада энелер балдары менен жерде жатышат. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу облустуук ооруканада орундун жетишсиздигинен энелер кичинекей балдары менен полго жатышат. Мындай сүрөттү өзүнүн баракчасына Азамат Абсатаров жарыялаган.

"Балдарды этияттайлы! Бул сүрөт облустук балдар ооруканасынан тартылган. Мен да баламды алып бардым. Дарыгерлерге рахмат. Ооруган балдар көп болсо да жетишип карап жатат. Палаталар толуп калыптыр. Коридордо жаткан энелер менен балдар үчүн дарыгерлерди күнөөлөбөшүбүз керек. Балдарды абайлайлы!" - деп жазган.

Бир күндөн кийин социалдык тармакка кайра пост жазып, кошумча орундар даярдалганын сүйүнчүлөгөн:

"Ош облустук балдар ооруканасында палаталар толуп, коридордо энелер балдары менен кошо жатышканын жарыялаган элем. Маселени туура кабыл алып, Саламаттыкты сактоо тармагынын Ош шаары жана Ош облусундагы координаторлору кошумча орундуктарды даярдашыптыр. Рахмат! Балдар оорубасын!" - деп Абсаттаров билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4227