Бишкектин четинде катуу авария болду. 15 киши жабыркап, экөө каза тапты
RU

Бишкектин четинде катуу авария болду. 15 киши жабыркап, экөө каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Объездной көчө менен Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Odyssey кагылышты. Каза болгондор бар.

Кырсык бүгүн, болжол менен саат 12:00до болгон.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, толтура жүргүнчүлөрдү алып бараткан маршрутка жолдо тыгын болгондуктан чети менен айдап бараткан. Ошол учурда кичинкей көчөдөн Honda Odyssey айдап чыккан. Маршрут жеңил унаа менен кагылышып, өзү столбаны барып сүзгөн.

Чүй облусунун жол кайгуул кызматы бул маалыматты тастыктады. Алардын билдирүүсүндө авариянын айынан эки киши каза болуп, 15 киши жабыркаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4228