Бишкекте күндүз эле эркек киши бир аялды ур-токмокко алды. Видео
RU

Бишкекте күндүз эле эркек киши бир аялды ур-токмокко алды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги унаа токтотуучу жайлардын биринде эркек киши аялды сабап салды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына окуяга күбө болгон окурман айтып берди.

Анын айтымында, 8-ноябрь күнү болжол менен саат 13:50дө "Дордой Плаза" соода борборунун жанындагы унаа токтотуучу жайда эркек киши бир аял менен урушуп жаткан.

"Бир кезде эркек киши жини менен аялды бир сүздү. Аял эмне болуп кеткенин түшүнгөн да жок, бир эки секундга туруп калды. Андан кийин качып жөнөгөн. Эркек киши артынан кууп, аялды муштуму менен башка соккулап жатты", - деп окурман көргөндөрүн айтып берди.

Свердлов районунун ИИБсинин басма сөз кызматы окуя боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4242