Садыр Жапаров көмүр боюнча түшүндүрмө берди
RU

Садыр Жапаров көмүр боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров коомдо талкуу болуп жаткан көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин Фейсбуктагы расмий баракчасында жарыяланды.

"Жайлы жайлай "Кыргызкөмүрдө" саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталды. Муну моюнга алабыз. Бирок саботажга карабай ӨКМнын баардык техникаларын өз убагында жардамга киргизип, көмүр казууну тездетип, үлгүрүп калдык.

Азыр да собатаж уланып жатат. Анткени ал жактагы коррупцияны жок кылып жатабыз. Кандай коррупция деген суроо туулат. Мисалы, Кара Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага унаанын номери менен "Баланча машина менен түкүнчө тонна көмүр келип түштү" деген кагаз эле келет экен. Мөөр басылып, кабыл алынды болот.

Тагыраак айтсам, "воздух" келет. "Воздух" көмүрдүн ордун эмне менен толтурушат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип, ЖЭБге алып келгенде "бармак басты, көз кысты" болуп эле өтүп кетип турган. Кара Кечеден баштап, ЖЭБге чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп турушкан. Ошентип ЖЭБ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн.

Ошол үчүн ушул ишке аралашкан бир нече адамдар камалышты. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттук. Башка коррупциялашкан иштердин үстүнөн дагы иштеп жатабыз. Кыскасы, чирип калган системаларды тазалап жатабыз", - деп жазган Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4244