Жапаров шайлоого кийлигишкен аткаминерлерди жазалап, иштен алды
RU

Жапаров шайлоого кийлигишкен аткаминерлерди жазалап, иштен алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн кийлигишпөөсү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу өкмөттүн төрагасы, президенттин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров маалымат берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жана президенттин жарлыгы аткарылбай жатканына байланыштуу үгүт иштери башталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынганын баса белгиледи:

  • Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды.

"Урматтуу кызматкерлер, өзгөчө бюджеттен айлык алган жетекчилер!

Үгүт иштерине катышуунун кереги жок. Жумуштагы милдетиңизди гана аткарыңыз. Милдетиңиз шайлоо өткөрүүгө шарт түзүп берүү. Добуш берүү менен жарандыгыңызды билдире аласыз. Азырынча шайлоо процессине кийлигишпегиле.

Урматтуу жетекчилер, эгер кызматтан кеткиңиз келбесе, президенттин жарлыгын так аткарыңыз. Ошондо кыргыз элинин алдында аброюңуз таза болот.

Мен муну министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик аппараттын жетекчиси катары талап кылам", - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4248