Шайлоого аттанган партияны Айгүл Жапарова каржылайбы?
RU

Шайлоого аттанган партияны Айгүл Жапарова каржылайбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактардын кыргыз тилдүү сегментинде өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын бирин каржылап жатат деген маалымат тарап кеткен. Президенттин катчысы Эрбол Султанбаев бул маалыматты четке какты.

"Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын бирин каржылап, шайлоо процессине кийлигишип жатат деген маалымат жалган жана чындыкка дал келишпейт.

Биз өлкө башчысынын анын туугандары жана жакындарынын Кыргызстандын саясий жана мамлекеттик иштерине катышуусу боюнча позициясы өзгөрүлгөн жок деп көп ирет айтып келебиз.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетем, президент жакын туугандарынын эч кимисине саясий процесстерге катышып, аларга таасир этүүсүнө жол бербейт", - деди Эрбол Султанбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4250