Фарид Ниязов: Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев кайсы ишти баштабасын бузуп салышат
RU

Фарид Ниязов: Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев кайсы ишти баштабасын бузуп салышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына президенттин мурунку аппарат башчысы Фарид Ниязовдун кайрылуусун жарыялаган.

Анын айтымында, Кыргызстанда бийлик алмашканына бир жыл болуп калды, бирок учурдагы режим бир нерсени жасай ала турганын далилдей алган жок.

"Саясатта жүргөн 16 жылдын ичинде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев популизм, интрига, скандал жана башка бүлдүрүүчү иш чараларда гана байкалды. Акыркы бир жыл да мурункулардан өзгөчөлөнгөн жок. 2020-жылдан тартып мамлекеттик бийликтин тизгини Садыр Жапаровдун колунда болду. Жапаров ага начар "мурас" калганын айтып, мурунку президенттерден эч айырмаланган жок. Бирок бийликтин башатында (старт алган учурда) ушунчалык саясий комфорт, жүрүм-турумдун эркиндиги жана оппозициянын жоктугу бир ди президентте болгон эмес, Акаевде да, Бакиевде да, Отунбаевда да, Атамбаевде да, Жээнбековдо да", - деп Ниязов белгиледи.

23-октябрда өткөн президенттик пресс-конференция скептиктердин пессимистик жоромолдорун тастыктады. Өлкөнүн саясий жетекчилигинин стратегиялык планы жок, өнүгүүнүн багыттарын калыптандыра албайт.

"Эгер Жапаров жана Ташиевдин айткандарына эмес, жасагандарына таяна турган болсок, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү приоритеттүү эмес экенин көрөбүз. Бир жыл убактысын жеке бийлик институтун калыптандырууга жана оппоненттерин (көбүн өздөрү ошентип ойлоп алышкан же элге оппонент катары көрсөткүсү келет) куугунтукка алууга коротушту. Президент жана УКМК төрагасынын иш аракеттерин байкасак, башкаруунун экинчи жылын дагы финансылык агымдарды жана менчикти бөлүштүрүү менен алек болушат. Калганы экинчи планда", - дейт Ниязов.

Ал ортодо, анын пикири боюнча, 2021-жылы жарандардын экономикалык жана социалдык абалы уламдан улам күчөп барат. Пандемиядан кийинки кайра калыбына келүү процесси коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жайыраак жүрүп, ал эми баалар тескерисинче тездик менен өсүп жатат.

Дүйнөлүк банк быйылкы жылкыга карата Кыргызстандагы ИДПнин өсүшү боюнча баштапкы жоромолдорун 3,8ден 2,3%га чейин төмөндөттү. Ошол эле учурда Тажикстанда 6% бойдон калды, Өзбекстанда тескерисинче өсүш бар 4,8ден 6,2%га, ал эми Казакстанда 3,2ден 3,7%га.

"Инвестициялык климаттын абалы андан да кейиштүү: бизнес Кыргызстандан качып калды. Жеке менчик жана чет элдик инвестициялардын көлөмү 2020 "коронавирустук" жылга салыштырганда да кыскарды. Ошол эле маалда мамлекеттик (ички жана сырткы) карыз өстү. Бийлик башында тургандар кайсы ишти баштабасын, ого бетер бузуп салып жатышат. Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын тарыхында азыркыдай саналуу гана профессионалдар калган эмес. Бүтпөгөн интрига жана коррупция шартында алар да өздөрүн оңтойсуз, ашыкча сезип жатышат", - деп Ниязов жазды.

Бул билдирүү - учурдагы бийлик үчүн кезектеги эскертүү, конкреттүү социалдык-экономикалык жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө күндө максаттуу иш алып баруу зарыл. Анткени, президенттин акыркы создөрү жана иш аракети ал дагы деле эйфориядан чыга электигин, "кырдаалды көзөмөлдөп жатам" деген ойдо экендигин айтып жатат. Бирок башкаруучу режимдин деградация темпи ушундай тездик менен жүрүп жаткандыгы өлкө үчун кооптуу.

"Садыр Жапаров бир нерсени түшүнүшү керек: убада берүү жана өлкөнүн мурунку жетекчилерине арыздануу (асылуу) менен мамлекетти көтөрүү мүмкүн эмес. Эч ким аны президент бол деген эмес. Өзү көбүрөөк ыйгарым укук бергиле деп сураган. Акыркы бир жылдан бери өлкөдө болуп жаткан нерселерге президент жооптуу. Мамлекетти башкаруу жана популизм коошпойт. Кыргызстандын эли ишенчээк, бирок эркиндикти, чындыкты жана адилеттүүлүктү жогору баалайт", - деп өзүн саясий туткун атап келген Фарид Ниязов жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4254