Коронавирус жана сексуалдык ден-соолук. Изилдөөгө кыргызстандыктар катыша алат
RU

Коронавирус жана сексуалдык ден-соолук. Изилдөөгө кыргызстандыктар катыша алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын калктын сексуалдык, репродуктивдүү ден соолугуна жана социалдык жашоосуна тийгизген таасири боюнча онлайн изилдөө башталды. Бул тууралуу ММК фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Каалаган кыргызстандыктар бул шилтеме аркылуу изилдөөгө катыша алат. Авторлор сурамжылоого 15 мүнөт гана убакыт талап кылынат жана алынган бардык маалыматтар анонимдүү болот деп убада кылышууда.

Изилдөөнүн максаты - COVID-19 дун үй-бүлөлүк кырдаалга, сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук, контрацепция жана антенаталдык тейлөө кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө. Жыйынтыктар улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлдеги эксперттер тарабынан талданат жана саясий сунуштарда чагылдырылат.

Изилдөө дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө онлайн сурамжылоо форматында жүргүзүлөт. Координаторлор сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук саясаты боюнча академиялык тармак (ANSER) жана Түндүк Каролина университетинин изилдөөчүлөрү.

Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун техникалык колдоосу жана "Кыргыз үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы" бейөкмөт уюмунун көмөгү менен Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси тарабынан жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4261