Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны кескин көтөрүлдү
RU

Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны кескин көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык штаб 11-ноябрга карата бир суткадагы коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады.

Айыккандар

Бир сутка ичинде пневмонияны эске алуу менен 118 бейтап COVID-19дан айыгып чыкты. Бардыгы - 176 510.

Жаңы учурлар

Акыркы суткада коронавирустун жана пневмониянын жаңы учурлары:

  • Бишкек - ​​47;
  • Ош - 0;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 0;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 5.

Жалпысынан бир суткада 108 жаңы учур катталды. Бардыгы болуп 182 090 адам ооруган.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-ноябрда COVID-19 инфекциясынын 50дөн аз жаңы учуру аныкталган.

Стационардык дарыланууда 552 бейтап, амбулатордук дарылоодо 797 бейтап жатат.

Каза болгондор

Бир күндө үч өлүм катталды.

11-ноябрга карата пневмонияны эске алуу менен жалпы COVID-19дан 2,697 өлүм катталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4269