Элдештиби? Маданият министри Кайрат Примбердиев жана Курал Чокоев менен жолукту
RU

Элдештиби? Маданият министри Кайрат Примбердиев жана Курал Чокоев менен жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-январда, Маданият министри Нуржигит Кадырбеков менен ырчылар Кайрат Примбердиев жана Курал Чокоев болуп жолугушту. Мындай маалыматты ведомство жарыялады.

Берилген маалыматка ылайык, жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды.

Министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты. Артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды.

Билдирүүдө, акыркы кезде болуп жаткан жаңжалдан улам, Маданият министрлиги ырчыларга карата кабыл алган санкциялары туурасында эч нерсе айтылган эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактагы кыргызстандын сегментинде жарандар Курал Чокоевдин "В пи#ду звезду" деп аталган тамашалуу көрсөтүүсүнө нааразы болушкан. Көрсөтүү хейт-шоу болчу (россиялык "Прожарка" же "Что было дальше" сыяктуу), анын маңызы: чакырылган конокту шылдыңдоо (негизинен атамекендик эстрада жылдыздары). Интернет колдонуучулар катышуучулардын жалаң сөгүнгөн сөздөргө жанга уят нерселерге негизделген тамашасын сынга алышкан. Андан кийин Курал Чокоев долбоорду жаап, видеолорду өчүрүп, жарандардын алдында кечирим сураган. Бирок Маданият министрлиги анын сыйлыгын артка чакыртып алуу чечимин кабыл алган.

Маданият министрлиги Кайрат Примбердиевдин да сыйлыгын чакыртып алуу аракетин көргөн, бирок мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу комиссиясы, министрликтин талабын канааттандыруудан баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/426