Садыр Жапаров Түркияга кайсы учак менен барат?
RU

Садыр Жапаров Түркияга кайсы учак менен барат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Стамбулда өтө турган саммитине жөнөп кетет.

Президенттин Глазго шаарында өткөн экологиялык конференцияга жеке менчик учак менен баруусу кызуу талкуу жараткан. Ошондон улам, бул ирет чет элдик сапарына кантип барат деген суроо жаралды.

Президенттин басма сөз кызматы президент Түркияга №1 Ту-154М учагынын борту менен бара турганын маалымдады.

Бул учак менен президент жакынкы өлкөлөргө барат. Түркияга болгон алгачкы сапарында да президентти ушул борт жеткирип барган болчу.

Эске салсак, 31-октябрда Садыр Жапаров кыргыз делегациясын жетектеп Глазго шаарында (Шотландия) өткөн БУУнун конференциясына барган. Кийин президент жеке менчик самолет менен учканы белгилүү болгон. Себеби №1 Ту-154М техникалык жактан эскилиги жеткен болуп саналат, аны Европа аба мейкиндигине киргизишпейт. Андан тышкары, Кыргызстан Евросоюздун кара тизмесине киргизилген.

Глазгого баруу үчүн президенттин командасы Embraer Lineage 1000 жеке менчик учагын жалдаган. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, жеке менчик учак менен эки тарапка учуп баруу 197 миң еврого (же 16,7 млн сомго) айланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4270