Дубай Expo'догу кыргыз павильонун көргөн Анжелика ыйлады
RU

Дубай Expo'догу кыргыз павильонун көргөн Анжелика ыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы айым Анжелика Дубай шаарында өтүп жаткан Expo'го барып, андагы Кыргызстандын павильонунун абалын көрүп ыйлады.

"Expo ар бир өлкө өзүнүн тарыхын жана мүмкүнчүлүктөрүн бүтүндөй өлкөгө жар салууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн уюштурулган. Тилекке каршы, эки жыл мурун Кыргызстанга павильон бөлүнөт деп айтылганда биздин бийлик эч кандай чара көргөн эмес. Азыркы президент да кайдыгер мамиле кылды. Жаман айткым келбейт. Бирок бардыгы айланып келип эле өлкөбүздөгү стабилдүүлүктүн жоктугуна келип такалып жатат. Мурунку министрлер келип, тиешелүү маалыматтын бардыгын алып кетишкен, андан кийин кызматтарынан алынышты. Азыркылар башка иштер менен алек. Биз бул жакта эң кедей өлкөлөрдүн катарын толуктайбыз. Кыргызстан акча дагы, көңүл дагы бөлгөн эмес. Бул жерде турган боз үйдү "Кыял" базары бериптир. Ыйлагым келип жатат. Өлкөбүздү талап тоной берип тойбой коюшту го. Эчтекебиз калган жок", - деп айтып ыйлады.

Анын айтымында, арабдар бизди эң кедей өлкө деп, павильондун ичин өздөрү ремонт жасап беришиптир.

"Кыргызстандын павильонун шылдыңдап жаткан ар бир инсан, силер патриот эмессиңер. Жок дегенде, мен ушул жерге келгенде жакшы сөз сүйлөп кетейин, бир пайдамды тийгизейин деген жокпуз. Мен бүгун бул жака волонтер катары келдим", - дейт Анжелика.

"Кыял" базары болбосо, биздин павильондун ичи таптакыр бош турмак экен.

Ырчы кыргызстандыктарды каражат чогултуп, павльонду жасалгалап коелу деп сунуштады. Анткени көргөзмо жазга чейин уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4279