Чыныбай Турсунбековдун кызы: Саламаттыкты сактоо системасы толугу менен жаңыланууга муктаж
RU

Чыныбай Турсунбековдун кызы: Саламаттыкты сактоо системасы толугу менен жаңыланууга муктаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңешинин экс-спикери Чыныбай Турсунбекованын кызы Айдай, Facebook'тагы профилине өлкөнүн пандемияга даярдык көрүүсүнүн сапатын иликтөө комиссиясындагы ишинин жыйынтыктары боюнча пост жазды.

"Комиссиянын ишинин жүрүшүндө биз билгендердин бардыгы эске алынат жана алар боюнча өлкөбүздүн жай мезгилинде башынан өткөргөн окуялар кайталанбашы үчүн натыйжалуу чаралар көрүлөт деп ишенем. Бир нерсени так айта алам: биздин саламаттыкты сактоо система толугу менен жаңыланууга муктаж. Чириген система гана эмес, бир топ жылдан бери жетекчилик кызматтарда иштеп, эч нерсе кылбай, жөн гана бир кызматты экинчи орунга алмаштырган адамдар", - деп белигледи ал.

Турсунбекованын айтымында, гуманитардык жардам уурдалып, акчалай каржаттар башка жакка сарпталып жатты.

"Уурдалган гум. жардам, туура эмес таратылган акчалар, кээ бир жетекчилер бизнес жүргүзүп, кээ бирлери белгилүү бир компаниялардын же адамдардын кызыкчылыктарын көздөшкөн. Мен буга чейин биздин медицинанын көйгөйүнүн негизги себеби каржылоонун начардыгы деп ойлосом, эми бул кээ бир жетекчилердин алысты көрө билбегендиги,кесипкөйлүгүнүн жоктугу деп түшүндүм. Бирок, эң негизги өз ишин билбеген чиновниктердин жетекчи кызматтарда отургандыгы болуп саналат", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, өткөн жылы күзүндө, Турсунбекова анын атасы ооруп жаткан кезде кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берген.

"Эмне үчүн ооркунулар даяр эмес болчу? Эмне үчүн медперсонал даяр эмес эле? Эмне үчүн дарылар жок болду, бар болсо да үч эсе кымбат сатылды? Ушундай "эмнеге" деген суроолор өтө көп. Даргерлер менен медайымдарды даярдоого убакыт жетиштүү болчу. Бирок мындай иштер эптеп-септеп жасалган же такыр жасалган эмес", - деп Айдай Турсунбекова айткан. Ал вирус күчөп турган чакта жакындарын жоготкон адамдардын бирикмеси түзүлуп, алар күнөлүүлөрдү жазалоону талап кылып жаткандыгын билдирген.

Кошумчалай кетсек, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ведомстволор аралык комиссия чыгарган корутундуга ылайык, пандемия учурундагы өлүмдөр боюнча айырмачылык бир нече миңдеп саналат. "Гум.жардам уурдалдыбы? Ооба. Ведомстволор аралык комиссия көйгөйлөрдү эле ачыктабастан, аларды чечүү боюнча да рекомендацияларды берип жатат", - деп маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/427