ИИМ порно сайттарды көрүү үчүн акча талап кылгандар тууралуу комментарий берди
RU

ИИМ порно сайттарды көрүү үчүн акча талап кылгандар тууралуу комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шантаж жана коркутуу жолу менен порно сайттарды көрүү үчүн акча алып жүргөн Нарын районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын сентябрь айынан бери белгисиз адамдар "Альфа-Телеком" жана "Нур-Телекомдун" абоненттерин шантаж кылып, стандарттуу вирус блокаторун интернетке таратып келишкен. Абоненттерге ИИМден мыйзамда тыюу салынган материалдарды камтыган сайттарга кирүүгө бөгөт коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип, алар төлөм терминалдары же электрондук капчыктар аркылуу 1700 сомдон 2200 сомго чейин айып пул төлөөгө мажбур болгон. Айрым абоненттер билдирүүдө көрсөтүлгөн телефон номерине акча которо башташкан.

Кийинчерээк Нарын облусунда бир нече адам Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылышкан. Консервативдик эсептөөлөр боюнча, акыркы жылдары эле алдамчылар жарандарга 500 миң сомго жакын зыян келтирген.

Жакында эле милиция ушул эле райондун тургуну, 1989-жылы туулган Р.Ж. атту программистти тапкан. Азыр кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Сотко чейинки тергөө иштери уланууда. Мындай аракеттерден жапа чеккендер 0500 55 58 34, 0999 55 58 34 (Кочкор РИИБнин тергөө кызматы) телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

***

ИИМ белгилегендей, интернет колдонуучулар мындай эскертүүгө көп туш болушат: "ИИМ сиздин апараттан мыйзамсыз аракеттерди каттады. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси боюнча ал үчүн акча төлөө керек. Эгер төлөнбөсө ага карата жаза колдонулат".

Министрлик таралып жаткан эскертүүгө эч кандай тиешеси жок экенин жана мындай сайттарга кирүүгө эч кандай жаза жок экенин айтууда.

Укук коргоо органдары жаш балдар үчүн порнография же баңги заты тараткан сайттарды гана жаап, мындай видеоматериалдарды тараткандарды жоопко тарта алат.

Порно сайттарды көргөнү үчүн шантаж, коркутуу, опузалап акча талап кылган учурда укук коргоо органдарына кайрылсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4286