"Сиздин аппаратыңыз ИИМ тарабынан бөгөттөлгөн." Бул эмне жана андан коркуу керекпи?
RU

"Сиздин аппаратыңыз ИИМ тарабынан бөгөттөлгөн." Бул эмне жана андан коркуу керекпи?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы айларда айрым кыргызстандыктардын телефонуна бул аппарат КР ИИМдин киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан порнографиялык мазмундагы сайттарга кирип, жарнамалаганы үчүн бөгөттөлгөн деген маалымат тараган. Мындай билдирүүлөрдү жабуу өтө кыйын жана даярдыгы жок колдонуучу анын аппараты чындап эле КР ИИМ кызматкерлери тарабынан блоктолгонуна ишенет.

Борбор Азиядагы Baker Tilly компаниясынын IT-аудит бөлүмү чакан иликтөө жүргүзүп, кыргызстандыктар "браузер блокаторлору" деп аталган интернет коркунучуна туш боло баштаганын аныкташкан.

Бул кандай иштейт?

Бул интернет сайттарда ар кандай шылтоолорду айтып алдамчылык менен алектенген интернет баракчалар. Алар көбунчө ойдон чыгарылган себептерди айтып, мисалы жеке маалыматтын жоголушу, кылмыш ишинин козголушу же браузердин жакшыртылган формасын орнотууну сунуштап, чалуу жүргүзүүнү, кайсы бир кызмат үчүн акы төлөө керектигин айтат.

Браузер блоктоочулар көбүнчө "чоңдор үчүн" арналган сайттардагы жарнама баннерлеринде жайылган.

Блоктоонун жыйынтыгында колдонуучу атайын чыгып калган жарнактык баннерди жабууну каалап "ОК" баскычын басса да иштебей калат. Бул учурда телефон кандайдыр бир вирустук же модификациялык көйгөйлөргө дуушар болбойт.

Браузердин бөгөттөөчүсүнөн кутулуу үчүн, сиз жөн гана браузер өтмөгүн же бүт браузерди жабууңуз керек.

Иште күтүлбөгөн эффект

Бул иентернет алдамчылык ишинин тамыры чет жакта болгону менен, ичинде камтылгандар жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган. Мисалы айыптын суммасы улуттук валютада көрсөтүлөт, билдирүүлөрдө мамлекеттик органдарынын аттарынын кездешет же аларга тиешелүү докуименттердин үлгүлөрү камтылат. Ошондой эле жергиликтүү төлөм системаларын жана жергиликтүү телефон номерлери үчүн төлөм ыкмасын колдонот.

Алдамчылар порнографияны тууралуу маалыматты башкаларга жөнөтөм деген коркутууларды окуган жабырлануучу бул ишке адистерди тартпай, милицияга кайрылбай, талап кылынган сумманы төлөө менен бардык талаптарды моюн сунуп аткарат деп ишенишкен.

Baker Tilly компаниясынын Борбордук Азиядагы IT-аудит департаментинин адистери мындай иш техникалык жактан примитивдик экенин жана мындай билдирүүлөрдүн негизги максаты – колдонуучуну коркутуп-үркүтүү менен мобилдик аппаратты бөгөттөө иллюзиясын түзүү экенин белгилешет. Ошол эле учурда, шылуундардын баракчасына кокустан сокку уруу аппаратка зыян келтирбейт жана ээсинин маалыматтарынын купуялуулугун буза албайт, эгерде жабырлануучу өзү кылмышкерлердин ишине кирбесе.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4287