Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки баланын атасы. Кылмышкер жазаны жеңилдетүүнү көздөп жатат
RU

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки баланын атасы. Кылмышкер жазаны жеңилдетүүнү көздөп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки баланын атасы Рафик Каландаровдун өлүмү боюнча соттолгон адам жазасын жеңилдетүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жабыркаган тараптын тууганы Залина Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, эжесинин күйөсүн өлтүрдү деп бир гана киши кармалган. Бирок, ошол күнү кечинде Каландаров жана соттолгон Василий (аты өзгөртүлдү – К.З.) менен башка достору да бирге болгон.

Kaktus.media буга чейин 2020-жылдын 1-январында саат 00:30 чамасында Рафик Каландаровду достору жаңыжылдык кечеге чакырышканын, бирок, эртеси күнү ал эсине келбей ооруканада каза болгонун жакындары билдиргенин жазган.

"Бир айдан кийин эжем да операциядан кийин каза болду. Алардын артында эки баласы калды. Ушул күнгө чейин соттордон акыйкат издеп жатабыз", - дейт жабырлануучунун тууганы.

Киши өлтүрүү окуясы

Соттун изилдөөсүндө ошол түнү үйдө жабырлануучу менен үй ээсинен башка дагы үчөө болгон. Бирок, бирөө ал үйдөн эрте кеткендиктен жазадан кутулуп кеткени айтылат.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылды. Каландаровду өлтүрүүдө кыйноо колдонулган, буга көптөгөн соккулардын жана жарааттардын издери күбө.

Жабырлануучуда маңдай сөөктөрү сынганы, баш мээнин ачык травмасы, баш мээге жана мээге кан куюлуулар, гематома, кабыргалардын көптөгөн сыныктары, ичке ичегисинин жарылуусу жана кан агуулары аныкталган.

Мындан тышкары, өлүм алдында жаткан адамга жардам көрсөтүлгөн эмес.

Отуруштун бардык катышуучулары өз көрсөтмөлөрүндө өлтүрүүгө Василий менен Рафиктин ортосундагы уруш себеп болгонун белгилешкен.

Алардын бири түшкү тамактануу маалында ойгонгондо Рафиктин жылаңач, канга боёлуп жатканын көргөнүн айтты. Дагы бирөө жабырлануучунун бети катуу сабалганын, оозу сынып, көзүнүн тегереги көгөрүп жатканын көргөн – көзүн ача албай калганын айткан.

Василий күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, коргонуу үчүн четке сүрүп салганда жабырлануучу полго жыгылып, муздаткычка урунуп жаракат алганын айткан.

Ушундай абалда Каландаров кечке чейин, үй ээсинин кызы келип тез жардам чакыргыча жаткан. Анын көрсөтмөсүнө караганда, 1-январь күнү саат 20:00дөр чамасында мас абалындагы атасы ага эшикти ачып, бирок бөлмөгө киргизбей койгон. Анын апасы видео байланыш менен чалганда бөлмө чачылып, ванна канга боёлуп турган.

Адилеттүүлүктү издеп жатам

Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечими менен Василий өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылды. Ушул жылдын февраль айынан бери ал камакта.

Бирок, соттолуучунун жактоочусу биринчи эки инстанциянын чечимин жокко чыгарууну жана Василийдин аракетин "Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча кайра квалификациялоону суранып, Жогорку Сотко кассациялык даттануу менен кайрылган. Бул үчүн жаза үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу болуп саналат.

"Сот 16-ноябрга белгиленди, ал да акыры жазадан кутулуп кетеби деп корком. Анткени адам өлтүрүүнүн эки катышуучусу качып кеткен. Биз акыйкаттык издеп жатабыз", - деди Исмаилова.

Ал эске салгандай, Каландаровдун ошол түнү үйдө болгон эки досу сот тарабынан башка берене боюнча – өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган адамга жардам көрсөтпөө боюнча күнөөлүү деп табылган.

Алар 2,5 жылга эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны алышкан. Бирок, сот кайра шарттуу түрдө эркинен ажыратууну чечип, экөөнү тең бошоткон.

Мындай чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап Жогорку Сотко арыз менен кайрылган. Жактоочу тарап өз арызында окуя болгон үйдөн алынган буюм далилдерин сотко эскертти. Тактап айтканда, Каландаровдун канына боёлгон бөлмөнүн пардалары, сүлгү, матрац жана башкалар. Кылмышты жашыруу үчүн алар матрацты айрып, канды сүлгү менен сүртүшкөн, деп эсептейт жабырлануучу тарап.

"Алардын эч кимиси күнөөсүн мойнуна алган жок. Адегенде киши колдуу болгон киши жыгылып, плиткаларга башы менен жыгылып каза болгонун айтышкан. Андан соң айыпталуучу менен мушташканын айтышты. Соттук отурумдарда ар кандай көрсөтмө берип жатышат. Болгону үй ээсинин кызы кечинде үйгө келип, тез жардам чакырган. Токмок жеген адамдын өлүп калганын билип, кандын баарын тазалап, майрамды уланта беришкен", - деп айтылат арызда.

Жаза боюнча биринчи инстанциянын чечимин шаардык жана Жогорку сот күчүндө калтырды. Ал эми шаардык сот райондук соттун жабырлануучу тарапка келтирилген 474,7 миң сом материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча чечимин жокко чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4288