Бишкекте "Алтын казына" ресторанынан өрт чыкты. Сүрөт
RU

Бишкекте "Алтын казына" ресторанынан өрт чыкты. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги "Алтын казына" ресторанында өрт чыкты.

Жибек Жолу менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде кафе күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөп кетти. Саат 15:08де өрт локализацияланып, иш уланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, имараттын чатырынын бир бөлүгү күйгөн.

Жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4292