2 миллион сом талап кылган шектүү акча алып жатканда кармалды. Видео
RU

2 миллион сом талап кылган шектүү акча алып жатканда кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК кызматкерлери Кыргызстандын жаранынан 2 миллион сом талап кылган деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары саналган З.Б., денесине залал келтирем деп коркутуп, жабырлануучу Б.Иден эки миллион сом талап кылган. Бул факты боюнча "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү Бишкектеги ресторандардын биринен пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4295