Кыргызстанда коронавирустан үч адам каза болду
RU

Кыргызстанда коронавирустан үч адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык штаб 13-ноябрдын таңына карата коронавирус жана пневмония боюнча бир күндүк статистиканы жарыялады.

Айыккандар

Бир сутка ичинде пневмонияны эске алуу менен 106 бейтап COVID-19дан айыгып чыкты. Бардык мезгил үчүн - 176 721.

Жаңы учурлар

Акыркы суткада коронавирустун жана пневмониянын жаңы учурлары:

  • Бишкек - ​​24;
  • Ош - 0;
  • Чүй облусу – 19;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 0;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 0;
  • Баткен облусу – 5.

Жалпысынан бир күндө 70 жаңы учур катталды. Бардыгы 182 267 адам.

Стационардык дарыланууда 544 бейтап, амбулатордук дарылоодо 762 бейтап жатат.

Каза болгондор

Бир күндө үч өлүм катталды. Алар эмдөөдөн өткөн эмес.

13-ноябрга карата бардыгы болуп COVID-19дан 2,702 өлүм катталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4296