Өрттөн үйдүн ээси каза болду
RU

Өрттөн үйдүн ээси каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 13-ноябрда Жалал-Абад облусунун Арал айылында өрттүн кесепетинен үйдүн 65 жаштагы ээси каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эртең менен өрт тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге No97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Өрт саат 09:31де локализацияланып, саат 14:16да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4303