Акылбек Жапаров Балыкчы-Каракол жолунун курулушу менен таанышты
RU

Акылбек Жапаров Балыкчы-Каракол жолунун курулушу менен таанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров Балыкчы-Каракол жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал узундугу 141 чакырым саналган Балыкчы-Барскоон унаа жолунун тилкесин барып көрдү.

"Бүгүнкү күндө мында 0-25 чакырымга чейин курулуш иштери жүрүүдө. Жер үстүндөгү иштер 90 пайызы бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланары күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4313