Кан басымды төмөндөтүүчү суусундук кайсы экени аныкталды
RU

Кан басымды төмөндөтүүчү суусундук кайсы экени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Батыш Австралиянын университетиндеги окумуштуулар кадимки кара чай кан басымды эң эффективдүү төмөндөтүүчү каражат деген жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу "Американын клиникалык диетология журналында" (The American Journal of Clinical Nutrition) жарыяланган изилдөөдө жазылган.

Изилдөөгө кан басымы бар аял жана эркек кишилерди тандашкан. Респонденттер экиге бөлүнүп бир топ күндө үч чыны кара чайдан ичсе, экинчи топко флвеноиддерди камтыбаган суусундук сунушталган.

Кан басымды биринчи күнү, үч айдан кийин жана алты айдан кийин текшеришкен. Айрмачылыктар дароо эле байкалып, кара чай төмөнкү жана жогорку кан басымды түшүргөн. Түнкүсүн өзгөрүү 10%ды түздү. Ал эми күндүз айырмачылыктар анчейин байкалчу эмес. Демек, кара чайдын айрым компоненттери бирок кофеин эмес, кан басымды түшүрүүгө таасир этет, деп окумуштуулар жыйынтыкташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4323