Кызык эле окуя болду. Кеминде 39 бээ жана 15 кулундун табышмактуу жоголду
RU

Кызык эле окуя болду. Кеминде 39 бээ жана 15 кулундун табышмактуу жоголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемин районунда бир нече жуманын ичинде бир аялга таандык болгон 39 бээ менен 15 кулун табышмактуу шартта жоголду. Бул тууралуу Чүй облусунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, октябрдын 10да эле Боролдой айылында 17 бээ жоголгон. Бул тууралуу милицияга 47 жаштагы чабан билдирген.

Экинчи жолкусунда, 26-октябрда Кичи-Кемин жайытында кайра жылкыларды таппай калышты. Биринчи жолу да экинчи жолу да мал табышмактуу шартта жок болду.

Жылкынын үйүрү 48 жашар бишкектик келинге таандык. Милицияга да малым жоголду деп өзу кайрылган. Бирок мал жоголгон учурда ал жайытта жок болчу, бул тууралуу ага чабандары кабарлаган.

Чүй облусунун ИИББси "Уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөо жүргүзүп жатат. Милициянын айтымында учурда бардык тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4332