Самат Ибраев шайлоо штабын мыйзам бузуулар менен ачкан деп айыпталууда (видео)
RU

Самат Ибраев шайлоо штабын мыйзам бузуулар менен ачкан деп айыпталууда (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№34 Жети-Өгүз бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Самат Ибраев Кичи-Жаргылчак айылындагы шайлоо штабында мыйзам бузууларга жол берген деп айыпталып жатат. Видеону Kaktus.media сайтына райондун шайлоочулары жөнөтүшкөн.

Алардын айтымында, талапкердин штабы Табалда Мырзабеков атындагы орто мектептен 50-60 метр аралыкта жайгашкан. Ал эми мыйзам боюнча 100 метрден ашык аралык болушу керек.

"Диний имараттардын ичинде жана алардын жанында (100 метрден аз) үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт. Ошондой эле мектепке чейинки балдар мекемелерине жана жалпы билим берүү уюмдарынын жанына да жол берилбейт", - деп айтылат Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча Мыйзамында.

Шайлоочулар БШКдан чара көрүүнү суранышууда.

Эгерде талапкер маалымат боюнча комментарий берүүнү кааласа, төмөнкү даректер жана телефон номерлер аркылуу байланыша алат:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4337