Аялдын жансыз денеси табылды. Милиция анын ким экенин аныктоого жардам сурайт (сүрөт)
RU

Аялдын жансыз денеси табылды. Милиция анын ким экенин аныктоого жардам сурайт (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция 2021-жылдын 25-сентябрында Бишкектин Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинен аялдын сөөгүн тапкан. Анын ким экенин аныктоого элден жардам берүүсүн суранууда.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул факты РИИБге катталган.

Болжол менен 30-35 жаштагы, азиат түспөлдөгү аял.

Белгилери: бою 160-165 см, арык, чачы далыга чейин кара.

Кийген кийими: кара куртка, кызгылт футболка, кочкул көк түстөгү спорттук шым, бутунда боз түстөгү Reebok кроссовкасы болгон.

Кимде-ким аял тууралуу маалымат билсе, 0702 49 88 88, 0557 11 94 10, 0776 17 15 15 телефондоруна кабарлап коюуну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4344