Бишкек-Ош жолунда каргашалуу кырсыктан жети адам каза болду. Видео
RU

Бишкек-Ош жолунда каргашалуу кырсыктан жети адам каза болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу аял да бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Такталган маалыматтар боюнча, окуядан жети адам каза болгон. Эки эркек жана беш аял. Ошондой эле 16 жабырлануучу бар.

Курман болгон беш адамдын аты-жөнү жана фамилиялары аныкталды:

О.А.(1961-жылы туулган), эркек;

А.Ж. (1970-жылы туулган), эркек;

М.Г. (1965-жылы туулган), аял;

Т.О.(1960-жылы туулган) аял;

Н.Б. (2001-жылы туулган), аял.

Эки жаш келиндин аты-жөнү тактала элек, алардын болжолдуу жашы 20-25 жашта, бирөө кош бойлуу болгон. Каза болгондордун сөөгү облустук оорукананын өлүкканасына жеткирилген.

Жабыркагандардын арасында төрт бала бар:

  • С.Н. 2021-жылы туулган ымыркай;
  • Т.А.(2016-жылы туулган);
  • З.Ж. (2014-жылы туулган);
  • М.А. (2011-жылы туулган).

Балдар Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылган.

Ошондой эле 12 чоң киши жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылды.

Эске салсак, 16-ноябрда Кара-Суу районундагы унаа жолунда КамАЗ, Мерседес-Бенц Спринтер жана Дэу Нексия үлгүсүндөгү үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4355