Кыргызстандагы жол кырсыктар күнүнө үч адамдын өмүрүн алат
RU

Кыргызстандагы жол кырсыктар күнүнө үч адамдын өмүрүн алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айдоочулардын арасында коомду жол кырсыктарынан коргоо боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнүн утурлай өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, совет доорунда айдоочулар арасында экспресс-окутуу жыл сайын өткөрүлүп, тест, экзамен тапшырып турчу.

"Жыл сайын айдоочуга коопсуздук биринчи орунда турарын эскертип келген", - деди ал.

"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова белгилегендей, учурда жолдордо өлүм-житим кыскаруу тенденциясы байкалууда.

"Бүгүнкү күндө жол кырсыктары боюнча абал он жыл мурункуга караганда бир аз жакшыраак. Кыргызстан биринчи он жылдыктын дүйнөлүк планынын иш жүзүндө 30%ын аткарды. 2013-жылы жолдордо миң адам каза болсо, акыркы он жылдыктын аягында 700 курман болду", - деди ал.

Күн сайын Кыргыз Республикасынын аймагында үч адам каза болот. Анын ичинде балдар да бар. Ал эми дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 1,35 миллионго жакын адам жол кырсыгынан көз жумат. Статистика көрсөткөндөй, карантин учурунда да Кыргыз Республикасында адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар катталган.

Жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү биринчи жолу 1993-жылы RoadPeace уюму тарабынан уюштурулган. Ошондон бери ал дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет. 2005-жылдын 26-октябрында БУУ бул демилгени колдоп, ноябрдын ар бир үчүнчү жекшембисин жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн дүйнөлүк күн катары белгилөөнү сунуштаган.

21-ноябрда, Кыргызстанда тынчтык жүрүшү болот. Филармониянын жанында 11де башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4358