Мындай Таттыбүбү Турсунбаеваны көрө элексиз. Скульптор жаңы образ жаратты (фото)
RU

Мындай Таттыбүбү Турсунбаеваны көрө элексиз. Скульптор жаңы образ жаратты (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Актриса, эмгек сиңирген артист Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун скульптор Тамила Маматова жасады. Ал өзүнүн Facebook баракчасында чыгармачылыгы менен бөлүштү.

Анын айтымында, бул бюст чоподон жасалган. Аны скульптор досторунун өтүнүчү менен жараткан.

"Бош убактым көбөйдү. Анан көптөн бери каалаган нерсем менен алектенүүнү чечтим. Айрыкча досторум да сурап, кызыгып калышты. Таттыбуба Турсунбаева кандай таланттуу, жаркын, сулуу экенин көрсөтүүгө аракет кылдым. Үлгү катары сүрөттөрүнүн бирин алдын. Өзүмдүн чыгармачылыгым менен, төшүнө гүл кошуп койдум. Бул Таттыбүбү Турсунбаеванын дүйнөдөн жаш кезинде кеткенин көрсөтүп турат. Муну бир айда жасап бүтүм. Бюст менин студиямда болот, балким, кээ бир театрлар кызыгып калышы мүмкүн ", - деди ал Kaktus.media сайтына.

Эске салсак, Тамила Маматованын дагы бир белгилүү чыгармасы жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4368