Сегиз метрлик текчелер басып калган жумушчунун видеосу
RU

Сегиз метрлик текчелер басып калган жумушчунун видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетте арак-шарап сакталган кампада араба түртүп бара жаткан жумушчуну сегиз метрлик текчелер басып калган видео тарады.

Окуя Красноярск аймагында алкоголь ичимдиктеринин кампасында болгондугун RT сайтына таянып, Sputnik Кыргызстан жазды.

Кадрдан эки тарапта турган бийик стеллаждын ортосунан жумушчу продукция салынган арабаны түртүп өтүп бара жатканын жана сол тараптагы текчелер кулай баштагандыгын көрүүгө болот. Шашып кеткен киши оң жактагы стеллаждын алдына кире качканда сегиз метрлик темир тизилген продукциялар менен кошо урап, аны басып калган.

Россия ӨКМинин маалыматына караганда, куткаруучулар кишини сууруп чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген. Маалыматта кырсык техникалык коопсуздук эрежелердин сакталбагандыгынан болгону жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4372