Равшан Жээнбековдун атаандаштары анын талабын талашып чыгышты
RU

Равшан Жээнбековдун атаандаштары анын талабын талашып чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

No26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Равшан Жээнбековдун шайлоого катышуусуна байланыштуу БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабековага кайрылышты.

Кайрылууда алар учурда СИЗОдо отурган Жээнбековдун шайлоо укуктарын камсыздоону суранышкан. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейин анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жээнбековго үгүт иштеринде башкалар менен бирдей шарт түзүп берүүнү, анын ичинде шайлоочулар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышат.

Кайрылууга депутаттыкка талапкерлер Актилек Нурланбеков, Мурат Эсенаманов, Айбек Алсеитов, Анаркүл Усупбекова, Кубанычбек Макешов, Анарбек Ташиев жана Максат Кунакунов кол коюшкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4378