Бишкекте айдоочу инспекторду капотко сүйрөп кеткен (видео)
RU

Бишкекте айдоочу инспекторду капотко сүйрөп кеткен (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борборунда милициянын Патрулдук кызматынын инспекторун айдоочу капотко сүйрөгөн. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, саат 13:00 чамасында, Горький көчөсүндө Hyundai Sonata

үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Элебаев жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган. Айдоочу УПСМ инспекторунун талаптарына баш ийбей, качып кетүүнү көздөп, алдында турган милиция кызматкерин, сүйрөп кеткен. Ал бир нече метрге жеткенде гана унаасын токтоткон. Андан соң кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.

Бул маалыматты Бишкек ШИИБден тастыктап, кийинчерээк кененирээк маалымат берүүнү убадалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4380