Көркөм тасма: Японияны басып алган "кыргыздар"
RU

Көркөм тасма: Японияны басып алган "кыргыздар"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Япониядагы ойдон чыгарылган көркөм тасмада башка планетадан Жерге келгендерди "кыргыз" деп аташкан.

"Эр жүрөк Бороон" (Brave Storm) аттуу тасма ноябрь айында Японияда кинотеатрларга чыгат. Ал АКШнын ойдон чыгарылган жанрындагы филмдериндей ийгиликтерге жетет деп айтуу болбойт. Бирок көркөм тасмадагы каармандардын бири "кыргыздар" болгону жергиликтүү калктын көңүлүн бурду.

"Терминатор" сыяктуу кинолордон эргүү алган япон көркөм тасмасында, негизги каарман 2050-жылы артка кайтып барып башка планеталык "кыргыз" аттуу келгиндер менен салгылашуу үчүн робот курат.

Япониялыктар эмнеге башка планеталык келгиндерди "кыргыз" деп атаганы белгисиз. Бирок бул жаңылыкты окуган кыргызстандык социалдык тармактардын колдоонучулары көптөгөн тамашаларды жаратты.

"Биз жөн калк эмес экенибизди билгем", деп жазган "Фэйсбук" колдонуучуларынын бири. Дагы бир окурман "Кыргыздар тамашаны түшүнөт. Өзүбүз тууралу тамашалаганды дагы жактырабыз" дейт.

Айрымдар кинодогу "бороон" чыныдагы чайда болсо керек деп тамашалашып, казакстандыктар 2006-жылы "Борат" тасмасынан кийин деле жашап жүрбөйбү деп жазышты. Казактар айтылган тасмады мазактоо катары кабыл алышкан.

Бир окурман болсо кинодогу каармандарды кыргыз аткаминерлерине салыштырып жиберди: "тасмадагы монстрлар менен кадыресе кыргыз аткаминерлеринин айырмасын деле таба албайсың", -деп жазылган.

Айтор, бул кабар интернет желесинде тарагандан кийин ызааланган пикирлерге караганда, тамаша иретинде, жеңил кабыл алгандар көп болду.

Маалымат bbc.com сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4384