Жаныбек Абиров УКМКга сурак берет. Себеби - кыздар менен сүрөткө түшкөн
RU

Жаныбек Абиров УКМКга сурак берет. Себеби - кыздар менен сүрөткө түшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№26-Ленин шайлоо окургу боюнча бир мандаттуу депутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров бүгүн, 15:00го УКМКга сурак берүүго чакыртылганын Kaktus.media редакциясына айтып берди.

Анын айтымында, чакыртууга башкы талапкер Айсулуу Кудайбердиеванын жардамчысынын Facebook'ка чыгарган посту негиз болгон. Ал Абировдун кыздар менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, эмне үчүн бул талапкерди жашы жете электерди үгүт иштерине колдонгондугу үчүн суракка чакыртышпайт, деген суроо салган.

"Сүрөттөгү кыздар, менин артымда тургандар, расмий үгүттөөчүлөр, алардын патенттери, түзүлгөн келишими бар жана алар расмий түрдө иш алып барышууда. Алар өздөрү мени колдоп келишкен", - деп Абиров айтып берди.

Алар жаш көрүнүп, бойлору кичинекей болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да.

Абиров, эгер УКМК талап кылса, кыздарды алып келип, бардык документтерди көрсөтүп берүүгө даяр экенин айтты.

Талапкер мындай постту көрүп жаман абалда калганын кошумчалады. Анткени ошол публикацияга чейин эки саат мурун БШКга Равшан Жээнбековго үгүт иштерине катышууга уруксат берүү джокументине кол коюп берүү өтүнүчү менен кайрылган экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4388