Түрк ММКлары Фетхуллах Гүлендин өлүмү тууралуу жазып чыгышты. Полиция эмне дейт
RU

Түрк ММКлары Фетхуллах Гүлендин өлүмү тууралуу жазып чыгышты. Полиция эмне дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ислам дининин үгүтчүсү жана коомдук ишмер Фетхуллах Гүлен 17-ноябрга караган түнү ууландырылган. Бул тууралуу Oda TV оппозициялык маалымат порталы жазып чыкканын Lenta.ru басылмасы кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, Гүлен менен бирге анын Пенсильванияда жүргөн тарапташтарынын бири да каза болгон, тагыраагы өз жанын кыйган.

Ал эми бир катар маалымат каражаттары түрк оппозициялык FETO уюмунун башчысынын өлүмү тууралуу маалыматты четке кагышты. Маселен, журналист Эмре Услу өзүнүн Twitter баракчасына Гүлендин өлүмү боюнча маалыматтар жасалма экенин жеке маалымат булактарына таянып жазган. Коомдук ишмердин жакын санаалашы Жевдет Түркйолу өз кезегинде ал тирүү экенин, анын өмүрүнө кол салуу тууралуу кептер ойдон чыгарылганын айткан видеосун жарыялаганын айткан.

РИА Новости билдиргендей, Пенсильвания полициясында Гүлендин өлүмү тууралуу маалымат жок.

Аймактык полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Поконо-Маунтин агенттикке "Гүлендин өлүмүн тастыктаган маалымат жок экенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Гүлендин уюму анын дуба кылган видеосун жарыялаган. Бирок, түрк журналисттери муну мурда жарыяланган видеолордон алынган монтаж деп эсептешкен.

Түрк бийлиги FETO (Фетхуллахчы террордук уюм) деп атаган Гүлендин уюмун 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыптоодо. Түркияда козголоңдон кийин 80 миңден ашуун адам камакка алынып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер, анын ичинде аскер кызматкерлери жумуштан четтетилген. АКШда жүргөн Гүлен өзү айыптоолорду четке какты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4389