Милиция тогуз жашар Сумаяны издеп жатат
RU

Милиция тогуз жашар Сумаяны издеп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облустук милициясы Сузак районуна караштуу Сузак айылынын 9 жаштагы тургуну Сумая Хосилжановага издөө салып, көргөн-билгендерден жардам сурап жатат.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан кыз 18-ноябрь күнү саат 12:40тар чамасында мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болууда.

"Учурда 9 жаштагы Сумаянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жатат. Мындан улам туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Өзгөчө белгилери: бою 120-130 сантиметр, кара тору, чачы кара, кыска, кашы-көзү кара, арык.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү жемпир, көк түстөгү куртка, кызгылт түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Укук коргоо органдары аны көрүп-билгендер болсо 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 телефондоруна кабарлап коюуну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4391