Тарых музейи акыры ачылды. Анын азыркы көрүнүшү (видео,сүрөт)
RU

Тарых музейи акыры ачылды. Анын азыркы көрүнүшү (видео,сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-ноябрда тарыхый музейдин салтанаттуу ачылышы болду.

Ал эртең зыяратчылар үчүн ачык болот. Биринчи он күндүк, 30-ноябрга чейин кирүү акысыз.

Ачылышта маданият министри Азамат Жаманкулов жана президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев сөз сүйлөштү.

Министр келгендерге гимнди музыкалык коштоосуз өз алдынча ырдап, аны салтка айлантууну сунуштады. Көрүүгө келгендер бир куплет ырдашты. Андан сырткары кадимки кызыл лентаны кесүүнүн ордуна алар түйүндү чечип, муну да салта айландырса болорун белгиледи.

Эске салсак, Тарых музей 2016-жылдан баштап жабылган. Реконструкция 2018-жылы аяктаган. Бирок, оңдоо иштерине ашыкча чыгымдарга байланыштуу кылмыш иши козголуп, ачылбай жүргөн. Ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн кыргыз тарап германиялык компанияга 200 миң евродон ашык карыз алганы белгилүү. Иштеп чыгуучулар карыз төлөнгөндө программалык камсыздоонун ачкычтарын өткөрүп бермей болушкан. Бирок музейди реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин фонунда суроо ачык бойдон калган.

Музейдин ачылышы бир нече жолу жылдырылды. Ал ортодо музейге карыздар үчүн электр жарыгы өчүп калуу коркунучу жаралып, фасады урай баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4393