Күндүн сүрөтү: Тарых музейине кезек күткөндөр
RU

Күндүн сүрөтү: Тарых музейине кезек күткөндөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 19-ноябрда, Бишкекте Улуттук тарых музейиинин салтанаттуу ачылышы өткөн болчу. Ал эми бүгүн, музейге кирип көрүүнү каалагандар узун кезекке турганын көрүүгө болот.

Айрым окурмандар, "Бизде маданият пайда болдубу?", "Ылайым эле музейге барам дегендердин саны өсө берсин!", "Бул бир эле жолку көрүнүш", - деп комментарий калтырышкан.

Эске салсак, Тарых музей 2016-жылдан баштап жабылган. Реконструкция 2018-жылы аяктаган. Бирок, оңдоо иштерине ашыкча чыгымдарга байланыштуу кылмыш иши козголуп, ачылбай жүргөн. Ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн кыргыз тарап германиялык компанияга 200 миң евродон ашык карыз алганы белгилүү. Иштеп чыгуучулар карыз төлөнгөндө программалык камсыздоонун ачкычтарын өткөрүп бермей болушкан. Бирок музейди реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин фонунда суроо ачык бойдон калган.

Музейдин ачылышы бир нече жолу жылдырылды. Ал ортодо музейге карыздар үчүн электр жарыгы өчүп калуу коркунучу жаралып, фасады урай баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4406