Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилген жок
RU

Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун диплому боюнча маселени карады. Жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тергөө жана соттун жыйынтыгынан кийин чечим кабыл алуу сунушун киргизди. Жумушчу топтун мүчөлөрү төрайымдын сунушун колдоду.

Рыскелди Момбеков БШКнын чечими мыйзамдын талаптарына туура келерин айтат.

Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн.

Бүгүнкү жыйында Момбеков УКМКнын маалыматында анын күнөөсү далилденбегенин, сот карай турган иш экенин билдирди.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4409