"Моралдык жагы кандай болот?" Сурабалдиева Самара Каримова боюнча комментарий берди
RU

"Моралдык жагы кандай болот?" Сурабалдиева Самара Каримова боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Оштогу чуулгандуу музыкалык окуу жай жана анын жаңыдан дайындалган директору Самара Каримова боюнча жеке пикирин билдирди.

Сурабалдиеванын айтымында, бардык нерсе мыйзам чегинде болууга тийиш, бул туура.

"Түзүлгөн кырдаалга бардыгыбыз укуктук жактан алып карашыбыз керек. Бирок маселенин башка жагы да бар - моралдык укук. Жакын адамына карата, түшүнгөнүм боюнча, жолдошунун бизнеси боюнча иликтөө жүргөн, бизнесинин моралдык жагы жогору эмес... Менимче, Самара Каримовада өзүн-өзү идентификациялоо жана музыкалык окуу жайдын директору болуу боюнча моралдык укугун түшүнүү сезими болууга тийиш. Анын үстүнө коллектив толугу менен каршы чыгып жаткан чакта", - деп Сурабалдиева жазды.

Вице-премьер коллективдин алдында кечирим сурап, "биздин өлкөдө ушундай эксцесстер боло берет". Бирок мыйзам деген мыйзам, - деди.

Ал Маданият министрлигине тапшырма берип, маселенин укуктуулугун, сот процессинин өтүшүн карап чыгып, бардык учурлардын такталуусун буйруду.

"Самара Каримовага кааларым, ал жаш, бардыгы алдыда, маселени этикалык жана моралдык жактан карап чыгып, таразаласын, дагы бир жолу жакшылап ойлонсун. Эгер адам бардыгына көрсөтөм, бизде көп эле ушундай болот, көгөрүп туруп, көздөгөнүмө жетем деп жатса...бирок бул жакта коллектив да бар. Буга чейинки парлменттик шайлоону эстегилечи, расмий түрдө бардыгы мыйзам чегинде болду, кыйкым таба албайсың, бирок этикалык жана моралдык жагы да болду да", - деп вице-премьер жазган.

Сурабалдиеванын пикири боюнча, эл өз жетекчисин тандоого укуктуу, коллективге ким менен иштешүү жакшыраак, ошого да караш керек.

Ошол эле учурда Самара Каримова өзүнүн баракчасына музыкалык окуу жайдын мурунку директору Нурлан Каримов бардык документтерди мыйзам чегинде, толук көлөмдө өткөрүп берди, деген видео жайгаштырды.

"Биз документтерди директордун орун басары Бакыт Бакиевич менен өткөрүп алдык. Ишибизди баштап жатабыз, бардыгыңарга ыраазычылык билдиребиз", - деп ырчы айым айтты.

Самара Каримова Маданият министрлигине каршы сот ишин утуп алды

"Садыр Нургожоевичке рахмат". Самара Каримова музыкалык окуу жайдын жамааты менен таанышты

Самара Каримова милицияга кайрылып, музыкалык окуу жайдын мугалимдерине арыз жазды

Самара Каримова, кечинде училищеге келип, директордун кабинетин ээлеп, кулпусун алмаштырды

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/440