Валентина Шевченко Кыргызстанга келди
RU

Валентина Шевченко Кыргызстанга келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди. Аны "Манас" эл аралык аба майданынан апасы Елена Шевченко, Бүткүл дүйнөлүк кулатуу (WEF) федерациясынын жетекчилиги жана күйөрмандары тосуп алды.

Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада желбиреткен мушкерге аэропорттон кучак толо гүл сунуп, даам ооз тийгизишти. Андан соң аппак автоунаалардан турган кортеждин коштоосунда шаарга алып келишти.

Шевченко журналисттерге кыскача маек куруп, Кыргызстанда 3-4 жума жүрөрүн айтты. Бул аралыкта Ысык-Көлгө да баруу ниети бар экенин билдирди.

UFC чемпиону эртең, 22-ноябрда, саат 14:00дө журналисттерге маалымат жыйын берет. Андан соң саат 16:00дө "Аю Гранд" соода борборунда күйөрмандары менен жолугат. Ошондой эле аны президент Садыр Жапаровдун кабыл алары күтүлүүдө.

Маалымат sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4410